“Супер-Инфо” гезити түптөлгөндөн бери жардамга муктаж адамдар менен кайрымдуу инсандар арасында көпүрө болуп келет. Турмуштун түйшүгүн тартып, моралдык, материалдык колдоо издешип гезитибизге турмушун баяндап берген көп балалуу үй-бүлөлөрдү Жаңы жылы менен куттуктап, азык-түлүк, белектерибизди тартууладык. Биздин демилгебизди ырчылар Анжелика, Алмаз Шаадаев жана «Деми-Арт» театрынын актёрлору да колдоого алышып, ар бир үй-бүлөгө майрамдык маанай, жаңы дем, жаңы үмүт тартуулашты.
Фоторепортажды “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№792, 5-январь, 2018-жыл) окуй аласыз.