Замандын жана техниканын өнүгүшү менен көпчүлүк жумуштар кыймылды аз талап кылган жумуштар менен алмашты. Бул жумуш процессти жеңилдеткени менен, кыймылдын аздыгынан оорулардын түрлөрүн жаратууда. Кыймылдын аздыгынан жаралган оорулардын алдын алуу үчүн сөзсүз эле спорт залга барып, акча коротуунун кереги жок. Сизден каалоо жана 15 мүнөт убакыт гана талап кылынат.
Каалаган убакта, каалаган жерде жасалчу оңой көнүгүүлөрдү телеалпаруучулар Урмат Борченов менен Айзада Жамгырчиева фитнес-клубдун машыктыруучусу Мирбек Буларкиевдин көзөмөлүндө көрсөтүп беришти.
Убакытты аз талап кылып, ден соолукту чыңдаган көнүгүүлөрдүн түрүн “Супер-Инфонун” жаңы санында (№793, 12-январь, 2018-жыл) көрсөтүп берди.