Жалал-Абад облусунда каракчылык фактысы катталган. Күмүш-Азиз айылынын тургунунун үйүнө кирген белгисиз жаран үй ээлерин мык сууругуч менен сабап, из жашырып качып кеткен. Натыйжада үй ээси ооруканада өзүнө келбей каза болгон. Жалал-Абад ОИИБинин билдиришинче, бул кылмышка шектелип 1995-жылы туулган жаран кармалган. Ал жабырлануучунун баштыгындагы 120 сомду алып качып кеткен.
Каргашалуу окуя тууралуу кененирээк “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№793, 12-январь, 2018-жыл) окуй аласыз.