Ысык-Көл облусунда жергиликтүү кеңештерге болуучу шайлоого карата 190 шайлоо участкасы түзүлдү
Ысык-Көл облусундагы шайлоо өтүүчү Чолпон-Ата шаары менен 59 айылдык округда 190 шайлоо участкасы, 5 аймактык комиссия түзүлгөн.
Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн өкүлүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Давлетов билдиргендей, Чолпон-Ата
шаардык кеңешине 21 мандат болсо, ага 232 талапкер ат салышууда же 1 мандатка 11 адам туура келет. 59
айылдык кеңешке 870 мандат болсо, 3839 талапкер же 1 мандатка 4,4 адам ат
салышууда. Бул туурасында КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү М.Асанакунов алып барган облустук
штабдын отурумунда белгилүү болду.