Гезиттин жаңы санынын апта каарманы алып баруучу Назира Айтбекова болду. Акыркы учурда бул адамдын жашоосунда көптөгөн өзгөрүүлөр болгон. Ал турмуштан сабак алып, кечиримдүү, токтоо болууну үйрөнүп, бир гана “алга” деген ураан менен жашап калганын айтат.
“Эми Назира карьерасына көңүл бөлөт, акылдуусуна эмес, акылманына тиет. Жүрөгүн эмес, акылын угат. Тийип жаткан күйөөсү кандай үй-бүлөдөн чыкканына байкоо салат”, - дейт ал.
Кызыктуу баарлашууну “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№794, 19-январь, 2018-жыл) окуй аласыз.