Каарманыбыз Батыр 3-классында ойноп жатып жыгылып кеткенде көзүнүн алдына таяк кирип кеткен. Көңүл бурулбай жүрүп кийин анын дарты өөрчүп, рак илдетине айланган экен. Батырдын апасы Саткын Баназарова: “Күн сайын экөөбүз алышып жарасын таңабыз. Өзүм 69 жаштамын. Карыган сайын бул илдет менен алышканга алым калбай бара жатат. Аргасыз элге кайрылып жатам”, - дейт.
Жардамга муктаж мекендешибиздин жүрөк өйүткөн оор тагдырын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№794, 19-январь, 2018-жыл) окуй аласыз.