Марат Козукеевдин жубайы Гүлнара Сатарова: "Жазында уулубузду сүннөткө отургузуп, жубайы катары мени туугандары менен тааныштырмак"

Каарманыбыз 30 жашында кара кийип, бир баланы кучактап жесир калды. Бирде ыйлап, бирде өткөн күндөрдөгү бактылуу көз ирмемдерди эстеп жылмайып отурган Гүлнара Сатарова чыгаан актёр Марат Козукеевдин никелүү жубайы.

“Марат “бактылуу кылганга аракет кылам деди. Экөөбүз күбөлөр менен мечитке барып, нике кыйып баш коштук. Жазында уулубузду сүннөткө отургузуп, жубайы катары мени туугандары менен тааныштырмак”, - дейт Гүлнара Сатарова.

Ичинде арманы, күйүтү быкшып жаткан ал жолдошунун каза болгонуна дагы деле ишене албай, күнү-түнү күтүп жатканын айтат. Эксклюзивдүү маекти “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№795, 26-январь, 2018-жыл) окуй аласыз.


кошулду
"Супер-Инфо" гезитинин №795-жаңы санында...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан