Бала төрөлгөндөн баштап, чоңоюп өзүнчө ийгилик жаратканынан бери эненин көңүлүндө, жүрөгүндө. Атактуулардын апалары бизге балдары тууралуу айтып беришти.
Самара Каримованын апасы Разия Шарипова: “Самаранын чеберлик жайы бар эле, жумуштан келсем пардаларды кайчы менен кыркып, өзүнө көйнөк тигип, аркы жактагы бөлмөнүн пардасынан куурчагына көйнөк тигип эле отурчу”, - дейт.
Ал эми Мурат Жалиевдин апасы Мыскал Дубанаева: “Мага арык, бою узун кыздар жагат эле. Уулдарыма ошондой кыздарга үйлөнгүлө деп айтчумун. Муратым “апа, сизге жаккан кызга үйлөнөм” деген”, - дейт.
Апалардын баянын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№795, 26-январь, 2018-жыл) окуй аласыз.