25 жаштагы Фархад Сталбек уулу мындан 2 жыл мурун Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” эс алуу жайынын аквапаркына барып жаракат алган. Аквапарктын горкасына түшүп жатып омурткасы сынган Фархаддын учурда көкүрөгүнөн өйдөсү гана кыймылдайт.
Жабырлануучунун апасы: “Ала-Тоо” аквапаркынын кожоюндарына, администрациясына койгон талабым – уулум айыгып кеткиче дарыланышына жардам беришсин. Жашоого, өмүргө тоё элек кезинде уулум минтип жатып калды. Бассейн тайыз болгон экен, “суу курсагыбыздан келчү” дешти балдар”, - дейт.
Эне-баланын баянын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№795, 26-январь, 2018-жыл) окуй аласыз.