Бүгүн Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата КРнын Акыйкатчы институтунун алдында балдарды коргоо кызматы түзүлдү. Маалым болгондой, аталган кызмат балдардын укугун коргоо боюнча иш алып бармакчы. Балдарды коргоо кызматына бардык жарандар кайрыла алышат. Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда жашаган жалпы калктын 40%ын жаш балдар түзөт.