Бирде “Жайна, жайна, гүлүм, жаз гүлүндөй жайна” деп элдин жарпын жазып, бирде “Өмүр, өмүр, өмүр, ай” деп элди бир саамга ойго салган ырларын жүрөккө жеткире ырдаган Ильяс Кудретов жеке ырчы катары эл оозуна алынып келе жаткан учуру. Буга чейин “Добулбас” тобунда ырдап жүргөн ырчы: "Бир гана Кыргыз өлкөсү менен чектелбестен, репертуарымдагы “Өмүр, ай” деген ырымды казак тилинде аткарып, казак тилдүү угармандарга тартуулап баштадым. Ырым радиолордон уктурулуп жатат”, - дейт.
Ырчынын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№796, 2-февраль, 2018-жыл) окуй аласыз.