Казак чек арасында Кыргызстандан мыйзамсыз ташылып бараткан 100 миң доллардын тегерегиндеги баада спирт ичимдиги алынды

Казакстандын Жамбыл облусунун укук коргоо кызматкерлери өздөрүнүн чек арасынан контрабандалык жол менен спирт ичимдигин алып бараткандар колго түшүрүшкөн. Жүк ташуучу Мерседес Бенц унаасын текшергенде 213 куту кымбат баалуу спирт ичимдиги табылган. Текшерүүдө ал товардын баары Кыргызстандан алынып чыкканы жана эч кандай уруксат кагазы жок экендиги белгилүү болду.Учурда бардык материалдар тийиштүү органдарга жиберилди. Ал эми кармалган товардын жалпы баасы 100 миң доллардын тегерегинде экени айтылууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан