КРнын Жогорку Сотунун өкүлү аялдардын укугун коргоо боюнча Тажикстанда өткөн конференцияга катышты

Ушул жылдын 13-14-ноябрь күндөрү Тажикстандын борбору - Дүйшөмбү шаарында "Аялдардын укугун коргоо жана адамдардын алсыз топторунун сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгү" деген аталышта конференция өттү. Иш-чараны Европа Кеңешинин Венециандык комиссиясы Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги жана Тажик Республикасынын Юстиция Кеңешинин алдындагы сотторду даярдоо борбору менен биргеликте уюштурушту. Конференцияда аялдардын социалдык, экономикалык укуктарын ишке ашыруу, алардын укугун коргоонун механизми, калктын жарды катмарына болгон сот адилеттигин билүү сыяктуу маанилүү суроолор талкууланды. Аталган иш-чарага Кыргызстандан Жогорку Соттун судьясы Жамалкан Исакова катышты. Жамалкан Исакова коомчулуктун учурдагы сот акыйкаттыгы тууралуу иштерден маалымат алуу мүмкүнчүлүгү жана анын мындан аркы жакшыртуусу темасында сөз сүйлөдү.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан