17-18-ноябрда Алматы шаарында өткөн "Күзгү вальс-2012" Эл аралык сынагында Кыргызстандан барган жуп Богдан Конимарец жана Салтанат Сейдалиева "Юниор-1" классы боюнча баш байгеге ээ болушту. Бул тууралуу КРнын Бий спорту федерациясынан маалымдашты. Ушул эле класста Ярослав Шеренков жана Лина Демьяненкодон турган кыргызстандык башка дагы бир жуп 3-орунду ээлеп кайтышты.