Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев парламент жыйынында электр энергиясынын кымбатташы мүмкүндүгүн айткан. Андан көп өтпөй Бишкектеги жылуулук электр борборунда авария болуп, Калиевге берилчү суроолор көбөйдү.
“Электр энергиясынын баасы 5 пайыздын тегерегинде көтөрүлүшү мүмкүн. Электр тармагында, албетте, коррупция жок деп айтуу кыйын. Ушул сектордо 16 миң адам иштейт", - дейт ал.
Коомчулуктун көңүлүн бурган Бишкектеги жылуулук электр борборунда авария тууралуу жооптуу кызматкер эмне дейт? Маекти “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№798, 16-февраль, 2018-жыл) окуй аласыз.