Бул жолку каармандарыбыз Ысык-Көл районунун Садыр аке айылында жашаган 10 адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрү. Оор турмушту башынан кечирип жаткан 38 жаштагы Зарина Асанова оорукчан жолдошун, 8 баланы багып келет.
“Балдарымды классташтары “силер кедейсиңер” деп шылдыңдашат экен. Балдарым “бут кийимимден уялам” деп кээде мектепке барбай да коюшат. Жалгыз калганда булардын тагдырын ойлоп эч кимисине көрсөтпөй ыйлап алам”, - дейт Зарина Асанова.
Үй-бүлө түйшүгүн жалгыз көтөрүп келаткан, жардамга муктаж мекендешибиздин тагдырын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№798, 16-февраль, 2018-жыл) окуй аласыз.