Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда кар көчкү түштү
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бүгүн таңкы саат 5:00 чамасында Ош облусунун Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 74-чакырымында кар көчкү түштү. Маалыматтар боюнча, көчкүнүн көлөмү 60 метр кубду түзөт. ӨКМнын кызматкерлери жолду тазалоо иштерин жүргүзүп, саат 10:00дө жол толук ачылганы белгилүү болду.