Таласта аял балык кармоо үчүн кетип, кайра кайтып келген эмес. Эртеси анын жансыз денеси табылды

Талас шаарында аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"17-февраль күнү саат 14:00 чамасында 1956-жылы туулган Талас шаарынын тургуну В.М. аттуу аял Талас суусуна балык кармоо үчүн барып, кайра үйүнө кайтып келген эмес. Эртеси күнү куткаруучулар, туугандары аркылуу издөө иштери жүргүзүлүп, саат 9:50дө Талас суусунун жээгинен аялдын жансыз денеси табылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Makain
2018-02-19 10:21:17
Уйун жыйнап отурбайбы балык кармабай эле
-4
engel
2018-02-19 11:41:37
Makain, кайдан билесиз мумкун балык кармап бала чакасын багат чыгар? Таластан келатканда жолдун жээгинде аялдар балык сатышат свежий, Талас суусунан кармалган балыктарды.
+7
Nanei
2018-02-19 11:42:08
Makain,табалаба,эртен сен эмне болосун Ким билет, жумуш жок акча жок элде, кээ бир адамдар балык кармап сатып оокат кылгандар бар
+9
nuri1
2018-02-19 10:33:00
Балык кармаса кыйын аял болчу экен.
+2
jbolotov
2018-02-19 12:10:53
Сууга чогуптурбу же кылмыш болуптурбу толук жазсанар боло жарым жартылай жазабербей.
+7
raykray
2018-02-19 14:28:44
jbolotov,ошо билинетко сразу суугу чоккону,же киши колдуу болгону
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан