Чүй облусунун Токмок шаарында бала бакчадан өрт чыгып, 14 бала эвакуацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-февралда саат 14:00дөр чамасында Токмок шаарынын Гагарин көчөсүндө болгон. Анда өрт өчүрүүчүлөргө саат 14:00дөр чамасында бала бакчадан өрт чыкканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган өрт өчүрүү кызматы 14 наристени эвакуациялап, саат 15:00дөр чамасында өрттү толук өчүрүшкөн.
Ошондой эле басма сөз кызматынан аталган өрттөн эч ким жаракат албагандыгын, өрт электр зымдарынын чукул туташуусунан келип чыкканын кошумчалашты.