Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам жаракат алды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жол кырсыгынан 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-февралда саат 12:35тер чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 411-чакырымында болгон. Анда Toyota жана Volkswagen үлгүсүндөгү эки жеңил унаа сүзүшүп алган. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам жеңил жаракаттарды алышкан. Аларга окуя болгон жерге келген куткаруучулар тарабынан биринчи жардам көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан