Депутаттар парламентте ишеним кагазы менен добуш берүүнүн оң жана терс жактарын талкуулашууда

Бүгүн парламентте депутаттар Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүү киргизүү тууралуу маселени карап жатышат. "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Анарбек Баратов "эгер депутат белгилүү себептер менен ооруп же кызматтык иш сапарда болуп, жыйынга катыша албай калса, анда өз добушун фракция лидерине ишеним катары калтырып кетсе болот" деген оюн айтса, депутат Курмантай Абдиев "эгер биз ишеним аркылуу депутаттын добушун башка бир депутатка калтырып кетүүгө уруксат берип койсок, анда жыйында бир да депутат калбайт" деп, ал эми мындай кадам ЖКнын ички тартибин буза турганын айтты. Абдиев ЖКнын пленардык жыйындарын 3 күн катары менен түшкө чейин өткөрүүнү сунуштады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан