Дайыма сулуу, дайыма жаш, көпчүлүктүн сыйына, урматына татыган ырчы Алина Жетигенова гезиттин жаңы санынын апта каарманы болду. Жаңы образы менен башка стилде гезиттин башкы бетине көрк кошкон ырчы: “Негизи ыр деген авторлордун уруксаты аркылуу ырдалышы керек, бирок Асел Кадырбекова, Айдана Дека, Чолпон Талипбек сыяктуу жаш кыздардын мага аткаруучу катары кайрылып, уруксат сурап коюшканына ыраазымын”, - дейт.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенованын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№799, 23-февраль, 2018-жыл) окуй аласыз.