Ушул жылдын 9-февраль күнү Бишкек шаарындагы Тунгуч кичи районунда жайгашкан №73-орто мектепке 28 жаштагы жаран кирип, дааратканага кирген 4-класстын окуучусун зордуктоого аракет кылган. Бактыга жараша, дааратканага дагы бир окуучу кыз кирип калып, зордукчу арам оюн ишке ашыра албай калган.
“Тышка чыксак күзөтчү байке “балдар, чуркагыла, маньяк канал жакта качып баратат” деди. Жакшы түшүнбөй эле тиги кишинин артынан чуркадык”, - дейт кылмышка шектүүнү кармаганга жардам берген окуучу.
Үрөй учурган окуянын чоо-жайын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№799, 23-февраль, 2018-жыл) окуй аласыз.