Алмазбек Баатырбеков: "Казакстанда кармалган Кыргыз депутаты аткезчилердин башында турган деген маалыматка ишенбейм"

Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Казакстанда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулу боюнча тараган маалыматтар боюнча комментарий берди. Депутат SUPER.KG порталынын суроолоруна жооп берип жатып, Асылбек уулу боюнча жарыяланган маалыматтарга ишенбей турганын айтты.

"Казак тарап тергөөнү жашыруун иш деп коюп, ошол эле учурда өздөрүнө ылайык келген маалыматтарды чыгарганы жакшы нерсени көрсөтпөй жатат. Биринчи кине коюш үчүн соттун чечими чыгышы керек. Буга чейин Казак жараны деген маалымат чыгып келген, кечээ маалыматтар такталып, ата-энеси чыккандан кийин эми бул ишти башка тарапка буруп жатышат. Бул маалыматтарды ошол органдар колдон келсе тергөөдөн кийин айтса болот эле.

Биз Дамирбектин, ата-энесинин жашоо-шартын жакшы билебиз, ал андай топтун башчысы болгондо башкача жашамак. Асылбек Дамирбек уулу аткезчилердин башында турган деген маалымат жалган экенине мен адам катары 100 пайыз ишенем. Болгону туура маалымат чыгарыш керек деген ойдомун. Мен бардык журналисттерден суранарым: колдон келишинче соту болгонго чейин кине койгондон алыс болсоңуздар", - деди Баатырбеков.

Эл өкүлү буга чейин Казакстанга кайрылуу жиберилгенин айтты.

"Буга чейин биз фракция тарабынан мыйзам чегинде эл аралык нормаларды, адам укугун сактоо менен тергөө жүргүзсөңөр деп кайрылуу жасаганбыз.Төрага Дастанбек Жумабеков да бул боюнча жалгыз эле Асылбек уулу эмес, кошо кармалган жарандар менен депутаттык комиссия барса жолугушуу уюштуруп берүү жагын суранган", - деди Баатырбеков.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
mratbashy
2018-02-27 12:08:30
Жыргайм го чиркин баарынар 120 камалып калсанар
+11
yrysbek
2018-02-27 12:14:04
Негизинен Сиз партиянын торагасы болгонунуздан кийин албетте кара коо жуктуруп атын булгабаш учун ушулсоздорду айтууга мажбурсуз. Сиздердин оюнуздар боюнча эл анкоо деп ойлойсуздар
+13
gute
2018-02-27 12:17:11
Депуттарга соз жок. Эч нерсени мойнунарга алгынар келбейтко XXXX
+11
kamchatka
2018-02-27 12:21:29
Сенин оюн Кыргыз эли жана Казактар учунда маанилуу эмес козунорго сайып коргозуп турсада уялбай ишенбейм дейсинерда ошон учун силерге эл ишенбейтда жепжутаттар !
+10
rysik79
2018-02-27 12:23:58
Тойгончо жеп ,олгончо карганып. Айранды ичкен кутулуп, жалаганы тутулуп. Карандай дооматтан Кудайым сактай кор.
+4
muhsina
2018-02-27 12:24:38
Аткезчиликтин башында турганына ишенбейм деп тим эле, бир отоло ал Дамирбек эмес двойниги деп сал.
+9
aerforce
2018-02-27 12:28:26
анткени озунордун былыгынар чыгып калат деп коркуп жатасынарда
+8
Agayu
2018-02-27 12:35:17
Ууру тоюшунча жеп,олушунчо карганат болбогулачы.Кылмыш жасадыбы мойну менен жооп бериши керек.
+8
nuris14kg
2018-02-27 12:36:07
Керек болсо сени.дагы аюу компаниясынын жетекчиси ким досуң аны да камаш керек
+7
Makain
2018-02-27 13:11:31
Сен ишенбесен карапайым калк ишенет депутат ака
+7
Ruslan_d
2018-02-27 13:22:08
Ошол нерсеге мээн жетбесе ишенбейсинда жепжутар байке. Озунун агайы айтып чыктыго казак жарандыгын алганы чын деп.
+5
Bekzamann
2018-02-27 13:36:01
Карга карганын козун чокубайт. Адалсынган молдонун уйунон алты камандын башы чыгыптыр. Партиянарды тазалаш керек башка олконун жарандарынан.
+3
ruslanz
2018-02-27 13:39:25
Элди келесоо корушот.Кыргызда жакшы соз бар "досунду корсотчу мен сенин ким экенинди айтып берейин" деген.
+6
Meruet84
2018-02-27 14:09:19
Исках Раззаков кезинде:
"Сен таза болсоң, мен таза болсом коом таза болот",-деп эң таамай айткан экен.
+2
bazar
2018-02-27 15:29:58
Булар кармалса да моюнуна алышпайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан