2013-жылдан баштап мамлекеттик сатып алуулар электрондук тартипте жүргүзүлөт
Каржы министринин басма сөз кызматы маалымдагандай, 2013-жылдан баштап мамлекеттик сатып алуулар электрондук тартипте жүргүзүлөт. Мындай тартип паракорлукка бөгөт коюу максатында ишке ашырылып жатат. Кошумчалай кетсек, жакында өткөрүлгөн иликтөөдө
мамлекеттик сатып алуулар эң коррупциялашкан тармак катары аныкталган.