Бишкектин айрым көчөлөрүндө жолдорду бошотуу иштери жүргүзүлөт
Жолдорду кар басып, жол чырактардын иштебей калышына байланыштуу Шаардык жолду көзөмөлдөө кызматы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Саат 16:00-20:00 аралыгында тыгын болгон жолдорду бошотуу иштери жүргүзүлөт. Бошотуу иштери төмөнкү көчөлөрдө болмокчу: Алматы-Жибек Жолу, Карпинский-Чүй, Некрасов-Толстой, Чүй-Садыгалиев, Тынчтык проспектиси-Ахунбаев, Совет-Түштүк Магистраль, Горький-Кулатов. Ошондой эле Жолду көзөмөлдөө кызматы айдоочулардан жол эрежелерин так сактоону өтүнүшөт. Бишкек шаардык ИИБи баса белгилегендей, аба ырайына байланыштуу жол кырсыктары өсүшү толук ыктымал.