Жалал-Абад. Токтогул районунда Кара-Көл шаарынын тургуну унааны башкара албай аңга түшүп кетти

2012-жылдын 18-ноябрь күнү саат 13:45 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 287-чакырымында жол кырсыгы катталган. Фольксваген үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып кетип, аңга түшүп кеткен. Бул тууралуу КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады. Унаанын ичинде 3 адам болгон: айдоочу М.Тыныстанов, Кара-Көл шаарынын тургуну, Рустам аттуу жигит (жашаган жери жана аты-жөнү такталууда) жана О.Керимбаева Кара-Көл шаарынын тургуну. Үчөө тең жеңил жаракаттарды алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан