Ырчы Мээрим Карыпова менен жолдошу Турат мырзанын түтүн булатышканына 15 жыл болду. Экөө студент кезинде баш кошуп, турмуштун ысык-суугун бирге көрүп келе жатышат.
“Сүйлөшкөнүбүзгө бир жарым жыл болгондо биз баш кошолу деп чечтик. Үйдөгүлөрдүн анча даярдыгы жок болчу. Мен 20 жаштамын, Мээрим 19да. Ата-энем таң калганы менен улуу баласы болгонумдан сүйүнүп эле кабыл алышты”, - дейт Мээрим Карыпованын жолдошу Турат Курманалиев.
Жан шериктердин маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№803, 23-март, 2018-жыл) окуй аласыз.