Жалал-Абад. "Эркиндик" аянтында музыканын коштоосундагы түстүү фонтан иштей баштады

17-ноябрдан бери облустун борбордук аянтында эл көп. Анткени 17-ноябрь - Студенттер күнүнө карата музыканын коштоосундагы түстүү фонтан ишке киргизилди. Салтанаттуу түрдө ачылыш аземи болбосо да, шаардын мэри Бакыт Адыловдун “жаштардын суранычы боюнча майрамга удаалаш фонтанды ишке кигизүүнү туура деп таптык. Шаардын тазалыгы, көрктүүлүгү ар бир облус атуулунун эсинде болсо деген тилектебиз" деген сөзүнөн кийин фонтан жандырылды. Жалпысынан бюджеттен акча каралгандан берки убакытты эске алганда, фонтандын бүткөрүлүүсүнө 6-7 ай кетти. Облуста музыканын коштоосундагы фонтан биринчи жолу курулуп жатат. "Эркиндик" аянтынын чок ортосундагы фонтандын бийиктиги 20 метрге чейин жетет. Тагыраак айтканда, суу 20 метрге дейре көтөрүлөт. Ал эми Барпы Алыкулов атындагы театрды көздөй багытталган тегерек формадагы фонтандын бийиктиги 15 метрге чейин жетет. Борбордук фонтан жана жанындагы коштоочу фонтандар да музыканын коштоосунда түскө боёлуп, асманга көтөрүлүп турат. Азыр фонтан саат 18:00дөн 22:30га чейин иштейт. Суукта суу тоңгонго чейин иштесе, ал эми жайында күндүз да иштей бермекчи. Техникалык колдонуу боюнча эрежеге ылайык, 40 мүнөт жандырылып, 15 мүнөт тыныгуу болушу керек. Элдин талабына карап, азыр 45 мүнөттөн иштеп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан