Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жанета Бобкова гезиттин жаңы санынын апта каарманы болду. 20 жылдан ашык убакыттан бери сахна казанында кайнап келе жаткан ырчы жеке жашоосундагы акыркы жаңылыктары, уул-кызы, чыгармачылыгы тууралуу маек курду.
“Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди кыйнап жашабай эле коёлу дедик. Бул нерсени элге жарыя кылбай эле коёлу дегенбиз. Бирок интернетке жагымсыз маалыматтар тарап кетти”, - дейт ал.
Жаңы жашоо баштаган ырчынын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№804, 30-март, 2018-жыл) окуй аласыз.