2017-жылдын 31-январь күнү Чүй облусунун Кара-Балта шаарында Алмазбек Сапарбеков аттуу 24 жаштагы таксист 53 жаштагы кардарын бычактап өлтүрүп койгон. Алгач бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө учурунда ал 99-беренеге (аргасыз коргонуунун чегинен чыгып же болбосо кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардын чегинен чыгып киши өлтүрүү) өзгөртүлгөн.
Кылмышка шектелип кармалган таксисттин апасы Гүлайым Мамытова: “Жайыл районундагы бир соттук процесстен кийин анын туугандары элдешүүгө кафеге чакырышып, “үйүбүздү салып бүтүргөнгө 10 миң доллар керек. Ошону берсеңер, кечиребиз” дешти. Биз акча бербейбиз деп жатабыз”, - дейт.
Иликтөө материалды “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№804, 30-март, 2018-жыл) окуй аласыз.