АКШда 17 жаштагы өспүрүм 20 университетке тапшырып бардыгына өттү

АКШда 17 жаштагы өспүрүм 20 университетке тапшырып бардыгына өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Хьюстон шаарынын тургуну 17 жаштагы Майкл Браун эң алдыңкы 20 жогорку окуу жайдан кат алган.

Белгилүү болгондой ал каттарда Браун окуу жайларга бюджеттик негизде кабыл алынганы жана ага стипендия төлөнөрү жазылган.

Азыркы тапта Майк Браун кайсы университетте окуй турганын чече элек. Бирок ал өзүнө жаккан 8 окуу жайды атаган Гарвард, Принстон, Түндүк-Батыш университети, Йель, Пенсильвания университети, Стэнфорд, Жоржтаун университети жана Вандербильт университети.

"Албетте, мен сыймыктанып жатам. Көптөгөн аракеттердин үзүрүн көрүп жатат. Азыркы тапта ал Mirabeau B.Lamar мектебин аяктап жатат. Балам 6-класстан кийин болгон көңүлүн окууга бурган. Ал эмнени каалап жатканын билип, чечимдерди дайыма өзү кабыл алчу", - деп окуучунун апасы Бертиния Рутледж-Браун билдирген.

Майкл Браун жакшы гана окубастан, мектептеги ар кандай иш-чараларга активдүү катышып, көптөгөн коомдук иштерди аткарган. Келечекте ал саясат таануучу болгусу келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Akyl78.1501
2018-04-04 12:56:23
Молодец
+5
Abdusamat.kg
2018-04-04 12:58:09
Күчтүү экен
+5
Hacker99
2018-04-04 13:21:44
Гарвард университетии? Ошол жакта окугум келет аябай
+4
amirrus
2018-04-04 14:23:19
азамат биздин балдар да ушундай болсун ...
+8
i1urp
2018-04-04 14:32:45
Билимдууго дуйно жарык жана баардык жака жол ачат.
+5
Medinaa
2018-04-04 14:57:03
Кандай бактылуу
+1
Toliksynchy
2018-04-04 16:03:17
Биздин баардык депуттаттарга сабак болсун ушул баладай оз билиминер менен оттунор беле
-3
Aierke0606
2018-04-04 17:50:15
Азамат,биздин дагы уул,кыздарыбыз ушул жигиттей болуп эң алдыңкы окуу жайлайларга өтүшсүн.
+1
mirkaa5182
2018-04-04 19:41:37
Оо азамат,келечекте гений болуп чыгат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан