Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, былтыркы жылы 1394 кыргыз жигити чет элдик кыздарга баш кошкон болсо, 1141 кыргыз кызы башка өлкөнүн жарандарына турмушка чыгышкан. Ал эми башка өлкөдө никеге турган жарандар тууралуу так маалыматтар жок. Мындан сырткары жарандык никеде жашап жаткандар да жок эмес.
Эркектер башка улуттан аял алса унчукпайбыз, ал эми кыздарыбыз башка улуттун жигиттерине турмушка чыкса, сындап жатып калабыз. Чет элдикке тийген кыздарыбыздын бактылуу жашап жаткандары да, өкүнүп, азап тартып калгандары да бар. Үй-бүлөдө жубайлардын бактысынан да улуту маанилүүбү?
Кытайларга турмушка чыгып, алданып калган кыргыз кыздары тууралуу “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№806, 13-апрель, 2018-жыл) окуй аласыз.