Жалал-Абадда окуучу ойноп жатып тереңдиги 7 метр болгон кудукка түшүп кетти

Жалал-Абад шаарында мектеп окуучусу ойноп жатып кудукка түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 17-апрель күнү саат 12:25те Жалал-Абад шаарынын Курманбеков көчөсүндө болгон. Анда 13 жаштагы мектеп окуучусу ойноп жатып, жолдун боюнда жайгашкан дөңчөнүн кудугуна түшүп кеткен. Кудуктун тереңдиги 7 метр болгон. Кудукка түшүп кеткен окуучусун ӨКМнын №58-өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгарышып, баланы ата-энесине өткөрүп беришкен. Бала эч кандай жаракат алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gena1
2018-04-18 13:29:23
Кудай сактаптыр
+6
Artyr1994
2018-04-18 14:26:57
Эмнеге ачык?
Ачык болуш керек беле.
+1
tttalant
2018-04-18 14:33:57
Озу деле чыкса болмок экенго 7-метр болсо коомчулука билдирбей
-2
aman0296
2018-04-18 20:40:03
tttalant,сен тушуп кеткенде озун чыга бер, баатыр болбой
+4
haydarkan
2018-04-18 23:27:41
tttalant, ушул акыркы кундору форумда ХХХХХ жаман кобойдубу?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан