УКМК: "Сирияга 4 Кыргыз жаранын жөнөткөн эл аралык террордук уюмдун үгүтчүсү кармалды"

Эл аралык террордук уюмдун үгүтчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-апрелде эл аралык террористтик уюмдардын иш-аракеттерине бөгөт коюу жана аныктоо боюнча өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында А.Э. аттуу 36 жаштагы Кыргыз жараны кармалган. Колго түшкөн адам террордук уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен алардын катарын толуктай турган адамдарды таап, алып кетүү үчүн келгени белгилүү болгон.

Ошондой эле аталган адам 2015-жылы Сириядагы куралдуу чыр-чатак орун алып жаткан аймакта согуштук иш-аракеттерге катышкан эл аралык террористтик уюмга 4 Кыргыз жаранын жөнөткөнү аныкталган.

Ага карата 375-берене (жалданмачылык) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
pat12
2018-04-19 12:09:35
УКМК азаматсынар. Мындай фанаттарды, угучулорду коркой эле кармаш керек. Ал эми кээ бир диний ээрчимелердин тушунугун которбосо, мындай угутчулордун саны азайбайт. Кудай жонундо суйлоп койсо эле ээрчип журо беришет.
+4
lenin1870
2018-04-19 12:32:24
Кечоонку ирактагыдай закон колдонуш керек бул озбенге.андай кылбаса булардын аягы тыйылбайт.бизде канчалаган игилдер барып келип журушот ошолорго кандай чара колдонушуп атышат экен биздикилер.
0
sinej
2018-04-19 12:46:45
Карапайым эл арасында диний идеялогиялык угут кылганды токтотуш керек. Болбосо айдама болуп баратабыз малга окшоп.
0
RusMos76
2018-04-19 12:53:35
ХХХХХХХХ ачык эле корсотпойсунорбу тааныгандар чыгып кылмыш бетин ачканга оной болот беле!
0
ACAH_katagan
2018-04-19 12:53:49
Өлтүрүп койсоңорда боло берет мындай эл бузар шакалдарды.
Тем более ушуга окшогондор өлсө жер кыйла жеңилдемек
+2
Mirlan27011987
2018-04-19 14:00:59
Эн окунучтуусу кыргыздар "дин" десе эле исламдашып, арабтардын кийген кийминен баштап, остургон сакалын, баскан тургандарына чейин ыйык тутуп алдык. Минтип отурсак жакынкы жылда кыргыздар араптардын гана ырын ырдап калабасак болду.
0
ANELKA
2018-04-19 14:29:40
neneduraiyn malga okshoboi! bizdi jaman korsotot ushular musulmandar arab olkolorundo okugandar ushintip dep!
-2
nurhan2702
2018-04-20 14:16:53
Кайсы жанынан тойгон адам барат Сирияга?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан