Учурда жарандарда автоунааны өзүнө каттатуу зарылчылыгы келип чыкты. Ушул жылдын 2-апрелинен 2-июлуна чейинки аралыкта автоунааны кайра каттоо арзандатылганы маалым.
Унааларды арзандатуу менен, каттоо учурунда сөзсүз 2018-жыл үчүн унаа салыгын төгүү керекпи? Кантип мамлекеттик номер алса болот? Унааны каттатканда сөзсүз мамлекеттик белгисин, техпаспортун алмаштыруу керекпи? Кайсы учурда алмаштырбай коюуга болот?
Жоопту “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№807, 20-апрель, 2018-жыл) табасыз.Темир тулпарды өзүнө каттатуунун жол жобосун издегендердин суроолоруна Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси жооп берет.