"Ош базары" 3 жолу өрттөндү. Аны атайын өрттөп жатышабы?

“Ош базарында” ушул жылы үчүнчү жолу өрт чыкты. Мындан улам аны атайын эле бирөө өрттөп жатабы деген суроо туулат. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Окуядан кийин эле шаар мэри Албек Ибраимов базардын башка жакка көчүрүлө тургандыгын айтып чыкты.

“Айына 90 миң сом ижара акысын төлөчүбүз. Тумак, чепкен сатчубуз. Мунун баарын күйөөм экөөбүз эч кимден жардам албай күнү-түнү иштеп тапканбыз”, - дейт жабырлануучу Алтынай Асаналиева.

Миллиондогон акчаларды күлгө айлантып соодагерлердин көз жашын көл кылган өрттөр эмнеден кабар берет? Иликтөө материалды “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№807, 20-апрель, 2018-жыл) окуй аласыз.


кошулду
"Супер-Инфо" гезитинин №807-жаңы санында...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан