Бишкектин четиндеги Арча-Бешик конушунда жашаган Марс Жусукеев жерде боортоктоп жылса да кыймылы шамдагай, маңдайы жарык, көзүндө оту күйүп турат. Өзүнө эмес, өзгөлөргө жардам издеген ал татыктуу тарбия берген ата-энесине ыраазы.
“Максатым – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн чоң ишкана ачуу. Майыптарды багып турган ата-энесинин көзү өтүп кетсе, алар көчөдө калбаса экен дейм”, - дейт ал.
1 колу менен гана ийне кармап, буюм тигип саткан Марс Жусукеевдин баянын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№808, 27-апрель, 2018-жыл) окуй аласыз.