Эне менен бала үчүн жаш, убакыт маанилүү эмес. Чоңойдум, жетилдим деген күндө да эненин колдоосу, сүйүүсү, мээрими жетишпейт. Турусбек Жумалиев көз жашына мууна апасын эскерди.
“Ооруп калганда ооруканага чогуу барып көтөрүп, кийимдерин которуп, жуунтуп жүрсөм, бир күнү “мени караганга эжеңди чакыр. Сени эркек дейт. Мени аял киши караганы жакшы” деди. Мен эмнегедир апамды аял катары карабаптырмын, ал менин апам да деп ойлогом”, - дейт.
Апасы жапкан нанды сагынган телеалпаруучу Турусбек Жумалиевдин баянын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№808, 27-апрель, 2018-жыл) окуй аласыз.