14-майда Бишкектеги Спорт ордосунда эрежесиз уруш боюнча “WEF Global 12” турниринде мекендешибиз Барчынай Өзгөнбаева өзбекстандык Шахзода Рахимованы экинчи раундда кулатып, жеңишке жетти. Спортчу, милициянын лейтенанты жана жөн эле сулуу кыз Барчынай.
“Мени менен мушташкан Шахзода Рахимова деген мушкер - Азиянын чемпиону. Ал аябай күчтүү, анан чапчаң экен. Биринчи раундда муунтуу жолу менен жеңейин десем моюн берген жок, анан экинчи раундда колун кайрып уттум”, - дейт Барчынай Өзгөнбаева.
Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№811, 18-май, 2018-жыл) окуй аласыз.