“Жолдошум ооруп калса аны таштамак эмесмин. Бирок ал мени таштап кетти”, - деп жакын адамдарынан көңүлү калган Рахат Абдырахманова азыр бирөөнүн карамагысыз жашоосун уланта албайт. Эки буту жок жашоо өткөрүп жаткан каарманыбызды өмүрлүк жары, эки баласынын атасы аны ооруп калганы үчүн таштап, артын салып кеткен.
“Бутумду кестиргенден кийин жок дегенде дарыланганга акча берип турушсун деп жолдошум менен уулумду сотко бергем. Сот баламды ай сайын 1000 сомдон алимент төлөп турсун деген чечим чыгарган”, - дейт ал.
Жардамга муктаж мекендешибиздин баянын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№811, 18-май, 2018-жыл) окуй аласыз.