“Супер-Инфо” гезити шоу-бизнес өкүлдөрү менен биргеликте салтыбызды улай жарамазан айтып чыктык. Мында биздин катарды Талант Кадыров, Руслан Абылов, Дайыр Исмадияров, Аваз Акимов, Үмүтай Абдышова, Мурадил Данияров, Арсен Дайырбеков, Кудайберди Айтбосунов, Данияр Эрматов, Алмаз Шаадаев толуктады. Бизди көрүп уюлдук телефондоруна тартып, кошулуп ырдаган тургундар да болду. Биз барган үй ээлери дасторконун жайнатып, акча кыстарып мыкты маанайда тосуп алышты.
Толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№814, 8-июнь, 2018-жыл) окуй аласыз.