Дарыгерлерди үмүттүү карап, шыпаа издеп отургандардын катарында Элдана Таалайбекова да бар. Анын жолдошу Исфандияр Бабашов денесинин 85 пайызы күйүп ооруканага түшкөн. “Исфандиярдын бүт денеси жалбырттап күйүп жатыптыр. Бакырып, бети-башын чапкылап короодо ары-бери чуркай берди. Жолдошум көз алдымда 2-3 мүнөттүн ичинде эле күйүп кетти”, - дейт жабырлануучунун жубайы.
Кайрымдуу мекендештердин жардамына муктаж каарманыбыздын баянын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№814, 8-июнь, 2018-жыл) окуңуз.