Апаларга кандай сөз арнабайлы, кандай белек бербейли баары бир жетишсиз. Төкмө акын Азамат Болгонбаев кандай байге утпасын апасына алып барарын айтат. Ал апасынын жаштайынан оор түйшүк тартып, сыртта эркектин, үйдө аялдын ишин кылганы тууралуу баяндап берди.
“Апам жапкан нанды сагынам” рубрикасынын коногу болгон ал: “Апам эгемендик алган жылдары соода-сатык менен алектенип, Орусияга каттады. 2 сумка менен товар алып барат, кайра бул жакка товар алып келет. Түндө атам экөөбүз тосуп алчубуз”, - дейт.
Төкмө акындын апасы тууралуу кызыктуу баянды “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№815, 14-июнь, 2018-жыл) окуй аласыз.