Мындай ойду "Ак жүрөк" кризистик борборунун директору Дарика Асилбекова айтат. “3-4 балалуу болгон аял толугу менен балдардын үйдүн түйшүгүнө кирип, өзүнө карабай калат экен. Ал эми эркек токтолуп, материалдык жактан калыптанып, башка кыз-келиндерге көз арта баштайт. Бул көбүнчө 42-52 жаш аралыгына туш келет. Ошондуктан аял менен эркек ушул мезгилде өтө сак болушу керек”, - дейт ал.
Өз практикасында түрдүү үй-бүлө маселелери менен кайрылгандарга жардам берген Асилбекованын маегин толугу менен “Супер-Инфо” гезитинин жаңы санынан (№818, 6-июль, 2018-жыл) окуй аласыз.