“Асыл таштан, акыл жаштан”. Ооба, адам бир ишти көздөп, ага жетүүнү максат кылса жаш курагына карабай ойлогон оюн ишке ашыра алат. Жаштайынан ишкерлик менен алектенип, өз күчү, даремети менен бутка тургандардын арасында Тилек Токтогазиев бар. Ал алгачкы миллион сомун 22 жашында тапкан. Совет мезгилинде иштетилген күнөсканаларды эске албаганда, ал алгачкылардан болуп чоң күнөскана иштетип бутуна турган жана элге жардам берген.
Миллиондорду тапса болот, бирок бир күндө күйүп да кетүү мүмкүн экенин айткан жаш ишкердин маегин толугу менен “Супер-Инфо” гезитинин жаңы (№820, 20-июль, 2018-жыл) санынан окуй аласыз.