Ырчы Асел Кадырбекова жолдошу Нурлан Насип менен 7 жыл убакыт кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, быйыл май айында баш кошушту. Үй-бүлөлүк кызмат менен чыгармачылыкты бирдей алып кетип жаткан Асел бул жумада “Супер-Инфо” гезитинин апта каарманы. “Үй-бүлө кургандан кийин бири-бирибизге ишеним өстү. Эки жакта жүрүп калсак бат-баттан чалышып, абал сурашып турабыз” - дейт ал.
Асел менен жаңы үй-бүлөлүк жашоосу тууралуу маектештик. Маекти “Супер-Инфо” гезитинин жаңы (№821, 27-июль, 2018-жыл) санынан окуй аласыз.