Жаңы сериал. Жозефина. Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк

Редакцияга көптөгөн каттар келет. Сунуш, ой-пикир, нааразычылыктар... Бирок бул жолку кат таң калтырды. Бул бир аз башкача кат экен. Жок, кат дагы эмес. Адегенде чоң анан калың конвертти карап, ичинде мынчалык эмне бар болду экен деген ой келди. Көрсө, ичинде кадимки калың дептер экен. Ушунчалык кирдеген, ботала, кээ бир жерине кофе, кээ бир жерине кан, дээрлик бардык барактарына сары суу тамган, эскилиги жеткен, сырты капкара карандаш менен оң-тетири боёлгон дептер.

Эмнеге ал түшүнүксүз дептер тууралуу бадырайтып гезитке жазып жатат деген турасызбы? Ал дептер тууралуу жазууга туура келди, окурман. Аталган эски дептер күндөлүк экен. Жөн эле күндөлүк эмес. Республикага таанымал актрисанын күйөөсүнүн күндөлүгү. Сөз ким жөнүндө болуп жатканын айттырбай эле билсеңиз керек. Андай көңүл чордонунда жүргөн актрисалардан бизде, тилекке каршы, (балким, бактыга жараша) бирөө эле. Ал актрисанын күйөөсү бир жылдан бери таптакыр дайынсыз болуп, кайда жүргөнүн билдирбей келет. Андыктан актриса аялы экөөнө байланыштуу акыркы окуялар жалпыбызга таптакыр түшүнүксүз болуп кала берген. Себеби актриса эжекебиз да комментарий берүүдөн баш тартып келет. (Балким, эми жооп кылаттыр. Эмнеси болсо да, биз анын оюн угууга даяр экенибизди белгилей кеткибиз келет.) Эми болсо минтип күндөлүк келди. Почта аркылуу...

"Жозефина" аталышындагы жаңы сериалды бир гана “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№836, 9-ноябрь, 2018-жыл) окуй аласыз.


кошулду
Супер-Инфо гезитинин №836-жаңы санында...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан