Белгилүү юрист Нурбек Токтакунов “2017-жылкы президенттик шайлоодогу Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржылык маалыматтары” деп Excel форматындагы таблицаны жарыялады. Анда акча которуулар боюнча бир топ фамилияларды көрүүгө болот. Токтакунов колуна келип түшкөн маалымат боюнча талапкер Жээнбековдун штабы шайлоого расмий жарыяланган суммадан эселеп көп каражат сарптаганын, Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, бул маалыматтын чын-төгүнүн териштириши зарылдыгын, эгер аныкталса, анда президентке импичмент жарыялоо керектигин айтат.
Толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№837, 16-ноябрь, 2018-жыл) окуй аласыз.