Якутияда диний багыттагы гимназиянын директору бачабаздыкка айыпталып 17 жылга кесилди

Якутиянын Хангалас райондук соту Ыйык-Иннокентьевск диний окутуу гимназиясынын иеромонахы, директору Мелетияны (Андрей Ткаченкону) балдарга карата бачабаздыкка айыптап, соттоду. Сот аны күчөтүлгөн тартипте 17 жылга кести. Маалыматты жергиликтүү маалымат булактары Якутиянын Жогорку Сотуна таянып жазды.

Мелетияга 2017-жылы 14 жаштан ылдыйкы балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди кылып, өзгөчө оор кылмыш жасаган деп 87 эпизоддун негизинде айып тагылган.

Ошондой эле кылмышкер жабыр тарткандардын баарына компенсация төлөөгө милдеттендирилди. Диний окутуу гимназиясынын мурдагы директору Мелетия камакта күчөтүлгөн тартипте гана отурбастан, психиатрдын көзөмөлүндө да болот. Якут Епархиясы кылмышкерди диний титулунан ажыратты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ekaterinburg
2018-11-29 19:02:59
Тообо кылдым...Монахтардын кобу ушундай экен озу.Коп жерден"чыга"башташты.
0
J1irg
2018-11-29 20:42:18
Биздин медреселерди да срочно текшериш керек. Болбосо тышкы кучтордун идеялогиясына сугарып жатышат
-2
Aikaaaa
2018-11-29 23:09:04
Антип биздин молдокелер да жүрүшпөдүбү
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан